super.kg logo

Молдова менен Нидерландда сууну пайдаланууга чектөөлөр киргизилди

 

Бүгүн, 4-августта Молдова менен Нидерландда суу ресурстарын пайдаланууга бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары кабарлашты.

Молдовада Днестр дарыясынын суусунун деңгээли төмөндөп кеткенине байланыштуу бассейндерди толтурууга, көчөлөрдү жана тротуарларды жууганга ичүүчү жана суу сактагычтардагы сууну пайдаланууга тыюу салынды. Айыл чарба тармагына Днестрдин суусун түнкү саат 21:00дөн 06:00гө чейин гана пайдаланууга уруксат берилип, маанилүү категорияга кирбеген өнөр жай ишканалары суу керектөөсүн кеминде 20 пайызга кыскартууга милдеттендирилди.

Ошондой эле кургакчылыктан жабыркаган аймактар үчүн резервдик кудуктарды даярдоо жана суу ташуучу унааларды уюштуруу иштери башталды. Кишинёвду үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо үчүн шаардык суу оператору күчөтүлгөн даярдык режимине өткөрүлдү.

Ал эми Нидерланддын Делфланд аймагында кургакчылыктан улам каналдар коммерциялык жана эс алуу үчүн жүргөн кемелерге жабылды. 5-августтан тартып Гаага менен Роттердамдын ортосундагы бардык шлюздар кемелер үчүн жабылат.

Мындан тышкары, каналдардан, суулардан жана арыктардан суу алууга тыюу салынды. Чектөө айыл чарба ишканаларына, күнөсканаларга, спорттук объекттерге жана жеке турак жай ээлерине да тиешелүү.

Аймактын суу ресурстарын башкаруу кызматынын маалыматына караганда, кургакчылыктан улам таза суунун запасы тез азайып, жээктеги суу системине күч келип жатат. Чектөөлөр дамбаларды коргоого, жаратылышка зыян келтирбөөгө жана деңиз суусунун кургактыкка кирип кетишине жол бербөөгө багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: