Жылнаама: 249 жыл мурун Лондондо алгачкы цирк көрсөтүүсү өткөн
1777-жылдын 4-августунда Лондондо Европадагы алгачкы театралдаштырылган цирк көрсөтүүсү өткөн. Аны англиялык атчан аскер, отставкадагы улук сержант Филип Астлей уюштурган.
Цирк көркөм өнөрдүн бир түрү катары байыркы Рим доорунан бери белгилүү болгону менен, азыркы түшүнүктөгү цирк XVIII кылымдын аягында калыптана баштаган.
Астлей 1770-жылы аскер кызматынан кайтып келгенден кийин Лондондо ат минүү мектебин ачып, чабандестердин чеберчилигин көрсөтө баштаган. Кийин ат оюндары жана акробатикалык көрсөтүүлөр үчүн атайын имарат курулуп, ал "Астлей амфитеатры" деп аталган. Имаратта күмбөз сымал чатыр, тегерек көрүү залы, манеж, оркестр жана сахна болгон.
Астлей театрында - фигуралык жүрүш, ат үйрөтүү, жокей-акробаттар жана "тирүү пирамидалар" көрсөтүлгөн. Ал ошондой эле ат үстүндө жасалган гимнастикалык көнүгүүлөрдүн комплекси болгон вольтижировканы биринчи болуп көрсөткөн.
4-августка карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















