Испанияда Сеутадагы мигранттар тууралуу маалымат жарыялаган кызматкер иштен алынды
Испанияда Сеутага мыйзамсыз кирген мигранттардын саны тууралуу маалымат жарыялаган Улуттук коопсуздук департаментинин басма сөз кызматкери кызматынан бошотулду. Бул тууралуу El País басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, кызматкер 31-июлда эмгек өргүүсүндө жүргөн учурда телефондон кабарлоо аркылуу иштен алынган. Ал буга чейин мекеменин сайтына Сеутага 49 миңдей мигрант мыйзамсыз киргенин көрсөткөн билдирүү жарыялаган. Көп өтпөй бул маалымат сайттан өчүрүлгөн.
Бир нече сааттан кийин Испаниянын Ички иштер министрлиги Сеутага 40 миңден ашуун мигрант киргенин расмий тастыктаган.
Июлдун аягында он миңдеген мигранттар Мароккодон Сеутага сүзүп өтүп же тосмолорду айланып кирүүгө аракет кылышкан. Коопсуздукту күчөтүү үчүн Испания аскерлерди тарткан. Испаниянын өкмөтү билдиргендей, Сеутага жетүүгө аракет кылган кеминде 72 адам каза болгон. Марокко болсо 11 адамдын өлгөнүн маалымдаган. Бийлик көпчүлүк мигранттар кайра Мароккого кайтарылганын билдирүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















