БЛОГ: Эркин сынап, тоо башындагы тынчтыкка умтулган саякатчы
Мемиреген тынчтык өкүм сүрүп, табият музыкасы жаңырып турду. Күн болсо төбөңдө тургандай ушунчалык жакын сезилет, ал эми булуттар бирин-серин каалгый ээрчишет. Ал жерде ар түрдүү улуттун өкүлдөрү чогулса да, аларды тоого болгон сүйүү бириктирип, андагы бейпилдикти бузбады. Көп адам бар эле, бирок эч бири бири-бирине жолтоо болгон жок. Балким, ал жерде түрдүү максаттар, кыялдар жаралды. А балким, кимдир-бирөө жөн гана жан дүйнөсүн тынчтыкка бөлөдү. Дагы бири бала-чакасына дени сак жашоо образын үйрөтүп жүрөт.

"Рацекте" отуруп дал ушул ойлорду ойлодум. Бул менин тоого алгачкы сапарым болчу. Өлкөдө акыркы кезде альпинизмге, треккингге кызыккандар көбөйгөнү байкалууда. Алардын ичинде мен дагы бармын. Анын себеби катары дүйнөнүн эң бийик чокусу болгон Эверести, өлкөдөгү бийик чокуларды багындырган кыргызстандыктар арбып жатканы менен байланыштырсак болот.
Жекшемби күнү Рацек чокусуна чыгыш үчүн таң эрте жолго чыктым. Анда сөз башынан болсун...

Рацек чокусу
Аталган чоку Тянь-Шань тоо кыркасында, Чүй облусунун аймагында жайгашкан. Бийиктиги 3901 метрди түзүп, ага Ала-Арча капчыгайы аркылуу көтөрүлүү керек. Альпинисттер арасында популярдуу, анткени машыгууга ыңгайлуу маршруттардын бири деп эсептелет. “Жетимиңдиктерди” багынтууну көздөгөн альпинисттер адегенде көбүнчө Рацек чокусуна чыгышат. Чокунун аталышы белгилүү советтик альпинист Владимир Рацектин ысымы менен байланыштуу.
Айта кетүүчү нерсе, бул чокуга чыгып бараткан жолдо “Рацек түнөгү” деген жер бар. Альпинисттик база катары кызмат кылат. 3370 метр бийиктиктеги бул түнөктө тоо сүйүүчүлөр баш калкалап, жуунуп, тамактанып, эс алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Канча жолу барсам да алгачкыдай эмоция тартуулайт
Бишкектен эртең менен саат 5те жолго чыктым. Бир сааттай жол жүрүп, Ала-Арчага жеттик. Бул жаратылыш паркына канча жолу барсам да алгачкы баргандагы эмоция кайталанат. Салкын жел жүзүңдү сылап, шаркыраган суунун дабышы, кулак-мурун кескендей бейпилдик көөдөнүңө тынчтык тартуулайт. Капчыгайдын төр жагына барганча жаратылышка көз салып, ушул жерде төрөлүп-өсүп калганыма суктанып да жетиштим.
Баса, бул күнү тоодо аба ырайы ачык болду.
Ала-Арчада учурда узундугу 1 чакырымды түзгөн асма жол иштеп жатат. Бирок биз узак жолду тандап, тагыраагы тоого жөө чыгууну туура көрдүк.

Сапарлаштар көп болду
Тоого чыгууну каалагандардын саны арбын экен. Балким, дем алыш болгону үчүн көп болду. Ар кадамда жаңы жүздөр, жаңы ойлор кезигет. Айтор, эртеден кечке дейре сапарлаштардын арты тыйылган жок. Өзгөчө мага балдарын тоого алып бара жаткан ата-эне таасир калтырды. Алар балдарына дени сак жашоо образын үйрөтүп жатканына суктандым.

Тоо сүйүүчүлөрүнүн жазылбаган эрежелери
Тоого чыгып бара жатканыбызда чокудан түшүп келе жаткан көптөгөн туристтерди кезиктирдик. Алар бизге жол бошотуп, амандашып, ийгилик каалап өтүштү. Бул болсо тоого чыккандардын жазылбаган эрежеси экен. Аны кабыл алып, кайталап отурдук.

Тоо жолу физикалык күчтү гана эмес эркиңди, сабырыңды сынайт. Сапар оңой эмес. Бирок анык максатың болсо багытыңа жетериң анык. Жол бою кичинекей кадамдарыңды дем берген табият үнү, ишеним коштоп отурат.
Рацек түнөгүндө сапарлаштар менен түшкү тамактануу болду. Андан кийин бир сааттай эс алып отурдук.
Бул жерде дүйнөнүн тынчтыгын уютуп койгондой сезим келди. Аны болсо шаркыратмадагы сууунун жана шамалдын үнү, башыңда айланып учкан көпөлөктөр кооздоп турду. Альпинисттер базасындагы маанай, андагы атмосфера өзгөчө жакты.
Убактыбыз келип, тоодон түшүүгө камындык. Бул бир аз татаалдай көрүндү...
Альпинисттер"Тоого чыгууда энергияңды 60 пайызын чокуга чыгууга, 40 пайызын жерге түшүүгө калтыр" деп айтышат.
Тоого сапар аяктап, жаңы энергия, эмоцияларды топтоп алып шаарга кайттык.
Тоолор - өз жүрөгүңдүн үнү өзүңө угулган жай. А мен аны көп уккум келет...
Рацекке саякат
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















