Депутат издеген аким табылдыбы? Айтылган көйгөй чечилди
Бишкек шаарынын мэриясы Көк-Жар кичи районундагы кооптуу делген тротуардын тилкеси тосулганын билдирди.
Маалыматта ошондой эле жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөнү да айтылат.
Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов соцтармактагы баракчасына жарака кеткен тротуар тартылган видео жарыялап, тротуар кооптуу абалда экенин айтып чыккан. Эл өкүлү ал жердеги жарыктандыруунун жоктугу кооптуулукту ого бетер күчөтөрүн белгилеген. Депутат "Октябрь районунун акимин көргөндөр барбы?" деп суроо салган.
Ибрагимов акимди таптыбы же жокпу белгисиз. Айтор, айтылган көйгөй чечилди.
Депутат издеген аким табылдыбы? Айтылган көйгөй чечилип тынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:13
2026-08-10
16:11
2026-08-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















