Трамп Инфантинону кызматтан кетирүүгө каршы чыкты
Бүгүн, 11-августта АКШ президенти Дональд Трамп ФИФАнын президенти Жанни Инфантинону кызматтан кетирүү тууралуу сөздөргө комментарий берип, аны уюмдун "мыкты жана алмашкыс жетекчиси" деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Трамп өзүнүн Truth Social баракчасында: "ФИФА кандай гана себеп болбосун, президент Жанни Инфантинону алмаштырууну ойлонсо да, бул чоң ката болот. Ал мыкты иштеп жатат, анткени жакында эң ийгиликтүү Дүйнө чемпиондугун өткөрдү",- деп жазды.
Ошондой эле АКШ президенти Инфантино кызматтан кетсе, ФИФА мындан ары мындай ийгиликке жана кирешеге жете албай турганын белгиледи.
Буга чейин УЕФА, Азия футбол конфедерациясы жана КОНКАКАФ Инфантинону сынга алып, ФИФАнын коммерциялык укуктарын сатууга байланыштуу келишим боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырышкан.
Июль айында ФИФА коммерциялык жана медиа укуктардын бир бөлүгүн жаңы түзүмгө өткөрүп, анын болжол менен 20 пайыз акциясын жеке инвесторлорго сатуу аркылуу 4,2 миллиард доллар тартуу планын жарыялаган. Кийинчерээк уюм бул пландан баш тарткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















