61 жаштагы Моника Беллуччи күйөрмандардын көңүлүн бурду (видео)
8-августта легендарлуу италиялык актриса жана модель Моника Беллуччи Швейцариядагы Локарно кинофестивалына катышып, кызыл килемден өттү. Ал режиссёр Жованни Торторичинин "KETTICÉ" тасмасынын көрсөтүлүшүнө барган. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Беллуччи сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, фестивалдын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирген.
"Локарно кинофестивалына “KETTICÉ” тасмасын көрсөтүү үчүн чакырганыңыздарга чоң рахмат. Режиссёр Жованни Торторичиге да ыраазычылык билдирем",- деп жазган актриса.
Беллуччи бул иш-чарага Fendi мода үйүнүн кара көйнөгүн, Cartier брендинин зер буюмдарын тагынып чыккан.
61 жаштагы актрисанын образы күйөрмандардын көңүлүн буруп, анын жаш көрүнүшү социалдык тармактарда кызуу талкууланды.
61 жаштагы Моника Беллуччи күйөрмандардын көңүлүн бурду
61 жаштагы Моника Беллуччи күйөрмандардын көңүлүн бурду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















