Алдамчылыктын алдын алуу борборун түзүү сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев алдамчылыктын алдын алуу борборун түзүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документте аталган борбор ИИМдин тутумунда түзүлөрү жазылат. Демилгечи интернет желесинде алдамчылык аракеттери көбөйгөнүн белгилейт. Көбүнчө мамлекеттик органдар жарандар алдамчылыктын курмандыгы болгондо гана чара көрүүгө киришери айтылат. Андыктан мыйзам долбоору алдамчылыктын алдын алууну көздөйт.
Борбор түзүлсө, жарандардын алдамчылык боюнча билдирүүлөрүн кабыл алып, талдап чыгат. Ошондой эле калкка алдамчылык схемалары тууралуу маалымат таратып турат. Жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жагында да иш алып бармакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















