Бишкекте автобустун терезеси жарылып кетти (видео)
Бүгүн, 11-августта Бишкектеги аялдамалардын биринде №243 каттамдын автобусунун айнеги белгисиз себептен улам сынып, күүлүп калды.
Жүргүнчүлөрдүн айтымында, буга күндүн катуу ысышы себеп болушу мүмкүн. Бактыга жараша, окуядан эч ким жабыркаган жок.
Тургундар автобустардын техникалык абалын текшерүүгө көңүл бурууга чакырышууда. Алар мындай учурлардын кайталанышы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенин белгилешет.
Видео: Марьям Бейшекеева
Бишкекте автобустун терезеси жарылып кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















