Трамп Ирандын коркунучунан улам Түркиядан жашыруун чыккан
Washington Post басылмасы АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын коркунучунан улам Түркиядан жашыруун чыгып кеткенин жазды.
Маалыматка караганда, июль айынын башында Трамп НАТОнун саммити өтүп жаткан Анкарадан президенттик учак менен эмес, аскердик транспорттук учак менен жашыруун учуп кеткен. Бул Ирандын коркунучунан улам болгон. Бирок Ак үй мамлекет башчысы өзүнүн учагында болгон деп ырастаган.
8-июлда The New York Times гезити Жашыруун кызматка шилтеме берип, Трамп Түркиядагы саммитке Катардын падышалык үй-бүлөсү белек кылган жаңы учак менен барганын, бирок жаңы учак тийиштүү ракетадан коргонуу системдери менен жабдылбагандыктан эски учак менен кайтып келгенин жазган. Эки күн өткөндөн кийин, гезит Трамптын администрациясы бул маалыматты жарыялаганы үчүн бир нече журналистке сотко чакыруу кагазын жөнөткөнүн билдирген.
Кийинчерээк The Wall Street Journal булактарына шилтеме жасап, Израил АКШга Ирандын Трампты өлтүрүү планы тууралуу чалгындоо маалыматын бергенин, бирок АКШнын бийлиги бул маалыматты ишенимдүү деп тапкан эмес деп маалымдаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















