Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 160тан ашты (видео)
Бүгүн, 11-августта Колумбиядагы жер титирөөдөн кеминде 164 адам каза болуп, жүздөгөн киши жабыркаганы тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Жер титирөө өлкөнүн бир катар аймактарында имараттардын урашына, жолдордун жабылышына жана электр, суу менен камсыздоо тармактарынын бузулушуна алып келген. Ошондой эле бир нече аэропорттун иши убактылуу токтотулган.
Сейсмологдор бул силкинүүнү Колумбияда XXI кылымда катталган эң күчтүү жер титирөө деп аташууда. Кырсыктан кийин 20дан ашык афтершок (кайра силкинүү) катталган.
Өлкөнүн президенти Абелардо де ла Эсприэлья өзгөчө кырдаал жарыялап, куткаруу иштерин көзөмөлгө алды. Ал эми АКШ Колумбияны калыбына келтирүүгө 15,5 миллион доллар бөлөрүн билдирди.
Эске салсак, кечээ,10-августта Колумбиянын батышында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Учурда куткаруу иштери уланып жаткандыктан курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн.
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 160тан ашты
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















