Өз өлкөсүнөн качкан президент өлүм жазасына кесилди
Шейшемби күнү Дамаск соту Сириянын мурдагы президенти Башар Асадды адамзатка каршы кылмыштар жана согуш кылмыштары үчүн күнөөлүү деп тапты.
Чет элдик басылмалар жазышкандай, сот Асадды сыртынан өлүм жазасына кескен. Асаддын тушунда Дара провинциясындагы саясий коопсуздук бөлүмүн жетектеген аталаш агасы Атиф Нажиб да алдын ала пландаштырылган киши өлтүрүү жана кыйноо үчүн күнөөлүү деп табылган.
Эске салсак, 2024-жылдын ноябрь айынын аягында куралдуу оппозициялык топтор Сирия армиясынын позицияларына каршы кеңири масштабдуу чабуул башташкан. 8-декабрда алар Дамаскка кирип, Асад өлкөдөн качып кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















