Колумбияда жер титирөөдөн улам кофе экспорту дээрлик токтоду
Колумбияда 10-августта болгон күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин кофе экспорту дээрлик толугу менен токтоду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Буэнавентура портуна алып барган жолдор урандылардан улам жабылып, бул өлкөнүн негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп жатат. Учурда Колумбиянын түштүк аймактарында кофе жыйноо кызуу жүрүүдө. Түшүмдүн басымдуу бөлүгү ушул порт аркылуу экспорттолот.
Кариб деңизиндеги Картахена жана Санта-Марта портторунда олуттуу үзгүлтүктөр катталган эмес. Бирок жүктөрдү түндүккө багыттоо үчүн жүк ташуучу унаалардын жетишсиздиги жаралган.
Жер титирөөдөн фабрикалар олуттуу жабыркаганы тууралуу маалымат жок. Ошол эле учурда электр энергиясы жана байланыштагы үзгүлтүктөр, кызматкерлердин үйлөрүнөн ажырашы ишке таасирин тийгизүүдө.
Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн 169 адам каза болуп, 668 адам жаракат алган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















