Кичинекей баланын куруучулар менен достугу көңүл жылытты (видео)
Сургут шаарында жашаган Валерия аттуу айым уулу Максимдин курулушта иштеген жумушчулар менен болгон өзгөчө достугу тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында айтып берди.
Үй-бүлө 2024-жылы жаңы үйгө көчүп келгенде, Максим короодо иштеп жаткан куруучулар менен таанышып, аларга бат эле жакын болуп кеткен. Бала жумушчулардын жанына барып, убактысын алар менен өткөрчү. Ал эми куруучулар Максимди таттуулар менен сыйлап, аны өз баласындай көрүшкөн.
Максим бала бакчага бара баштаган. Кийинки жылы короодо куруучулар көрүнбөй калган. Бирок 2026-жылы ошол эле бригада кайра ишке келгенде, кичинекей бала досторун дароо таанып, аларга сүрөт тартып белек кылган.
Бул жылуу көз ирмемдер тартылган видео интернетте тарап, аны дээрлик 5 миллион адам көргөн. Колдонуучулар баланын куруучуларга болгон таза мамилесине суктанышкан.
Бул окуя чоң достук үчүн сөзсүз эле көп жылдар талап кылынбай турганын, кээде кичинекей бала менен жөнөкөй адамдардын ортосундагы жылуу мамиле да көпчүлүккө жакшы маанай тартуулай аларын көрсөттү.
Кичинекей баланын куруучулар менен достугу интернетти жылытты
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















