КЭДР Японияга берген эскертүүсүн ишке ашыра баштадыбы?
Бүгүн, 12-августта Түндүк Корея Япон деңизине карай баллистикалык ракета учурду. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ракета Вонсан районунан таңкы саат 06:00 чамасында учурулуп, 700 чакырымдай аралыкты басып өткөн.
Ракетанын учурулушу Түштүк Корея менен АКШнын жыл сайын өтүүчү биргелешкен аскердик машыгууларынын алдында болду. Пхеньян буга чейин бул машыгууларды "согушка даярдык" деп атап, сынга алган.
Япониянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, ракета болжол менен 690 чакырым учуп, 90 чакырымга жакын бийиктикке жеткен жана өлкөнүн өзгөчө экономикалык аймагынан тышкары кулаган.
Эске салсак, буга чейин Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон Япониянын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүшүнө байланыштуу катуу эскертүү берген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















