АКШ менен Иран ок атышууну токтотууну узартууга макул болушту
Америкалык жана ирандык тараптар ок атышууну токтотууну узартууга макул болушту. Бул тууралуу Anadolu агенттиги Пакистандын чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча ортомчулук кылган бийлик өкүлдөрүнө таянып билдирди.
Бирок агенттиктин булагы жаңы фазанын узактыгы азырынча аныктала электигин белгилеген. Ал АКШ менен Иран учурда бул узартуунун узактыгы боюнча сүйлөшүп жатышканын кошумчалаган.
Эске салсак, 17-июнда АКШ менен Иран Пакистандын ортомчулугу менен убактылуу 60 күндүк ок атышууну токтотууга алып келүүчү жана чыр-чатакты дипломатиялык жол менен чечүүгө жол ачуучу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан. Бирок ок атышууну токтотуу дайыма эле сакталган эмес. Америка Кошмо Штаттары бир нече жума бою Иранга сокку уруусун улантты. Ал эми Иран күчтөрү Жакынкы Чыгыштагы АКШнын базаларына сокку урушту.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















