super.kg logo

"75чилердин иши": Катка кол койгондордун баары суракка алына турган болду

 

Бишкек шаардык сотунда "75чилердин каты" боюнча Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө каршы жазылган апелляциялык арыз каралды.

Айыпталуучулардын бири, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун жактоочусу Латыпбек Нуралимов сотко аталган катка кол койгон адамдардын баарын суракка алуу өтүнүчү берилгенин билдирди. Ал бул тууралуу журналисттерге айтып жатып, сот макул болгонун тактады.

"75 киши кол койгон. Бирок баары суралбай жатат. Бул жакта айрымдарына кылмыш ишин козгоп койду, а калганы эмнеге жоопко тартылбайт?",- деди ал.

Кийинки отурум 17-августка белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: