"75чилердин каты": Бишкек шаардык соту отурумду жылдырды
Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 17-августта карала турган "75чилердин каты" боюнча сот жыйыны 24-августка жылдырылды.
Буга айыпталуучулардын биринин адвокатынын келбей калышы себеп болду. Шаардык сотто аталган иш Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө каршы жазылган апелляциялык арыздын негизинде каралууда.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту резонанстуу "75чилердин" иши боюнча өкүм чыгарган. Аталган ишке айыпталып жаткан 8 адамды, тагыраагы, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу, Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышып, мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылышкан. Бирок айыпталуучуларга 3 жылдык пробация жазасы чегерилген.
Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча бардык айыпталуучулар акталышты
"75чилердин" каты: Бишкек шаардык соту отурумду жылдырды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















