Акын Аскат Жетиген абактан чыгат
Эртең, 19-августта акын Аскат Жетиген үч жылдык абак жазасын өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыгат. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Эске салсак, Аскат Жетиген 2024-жылдын 20-мартында кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталган.
Ошол жылдын 1-июлунда Свердлов райондук соту аны “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыраткан. Ал эми “Массалык баш аламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча сот аны актаган.
Ал апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган болчу. Ал эми Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карап, Свердлов райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку сот да биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















