Ормуз үчүн күрөш күчөдү: Трамптын көзөмөлү солгундап жатат
Ормуз кысыгынын айланасындагы кырдаал АКШ президенти Дональд Трамптын көзөмөлүнөн чыгып баратат. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Алексей Чепа бүгүн, 19-августта РИА Новости агенттигине билдирген.
Анын айтымында, кысык аркылуу күн сайын мунайдын олуттуу бөлүгү жашыруун өтүп, бул дүйнөлүк бааларды турукташтырууга жардам берип жатат.
Чепа бул Иран менен расмий эмес келишимдин негизинде болушу мүмкүн экенин айтып, Тегеран кемелердин өтүшү үчүн акы алып жаткан болушу ыктымалдыгын белгилеген.
Депутаттын пикиринде, Трамп мындай кырдаалды расмий түрдө жеңилүү катары тааный албайт. Ошондуктан АКШ Ормуз маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдө ортомчу болгон Оманга басым жасап жатат.
Ошол эле учурда Чепа Иран Оман менен биргеликте кысык аркылуу кемелердин өтүшүнүн так эрежелерин белгилөөгө аракет кылып жаткан болушу мүмкүн экенин билдирди.
Буга чейин Трамп АКШ Ормуз кысыгын толугу менен көзөмөлдөп жатканын билдирген. Иран болсо бул билдирүүнү четке кагып, кысык Тегерандын көзөмөлүндө экенин айткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















