super.kg logo

Европадагы америкалык объектилерге коркунуч: НАТО билдирүү жасады

 

НАТО Иран тарабынан болушу мүмкүн болгон коркунучтарга каршы турууга жана альянска мүчө мамлекеттерди коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө даяр. Бул тууралуу альянстын өкүлү бүгүн, 19-августта чет элдик басылмаларга билдирген.

Анын айтымында, НАТО ар кандай коркунучка каршы турууга даяр жана союздаш өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл аракеттерди көрөт.

Буга чейин, Financial Times басылмасы булактарына таянып, АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжал кайрадан күчөгөн учурда Тегеран Европадагы америкалык аскердик объектилерге сокку урууну карап жатканын жазган.

Маалыматка ылайык, мындай ыктымал соккулар АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун жаңы деңгээлге чыгышына алып келиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: