Садыр Жапаров курулуп жаткан "Ырыс Ордого" барды
Бүгүн, 22-августта өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы "Ырыс Ордо" конгресс-холлунун расмий ачылышына даярдык көрүү иштери менен таанышып чыкты.
Президенттин администрациясы тараткан маалымат боюнча, комплекс 14,7 гектар аянтта жайгашып, анын курамына борбордук имарат жана расмий делегацияларды, жогорку даражалуу конокторду жайгаштырууга арналган сегиз мейман үйү кирет. Конгресс-холл эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий кабыл алууларды, сүйлөшүүлөрдү жана башка жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө арналган мамлекеттик маанидеги заманбап комплекс болуп саналат.
Мамлекет башчысы комплекстин алдыдагы расмий иш-чараларды өткөрүүдө пайдаланылуучу негизги функционалдык аймактарынын жана бөлмөлөрүнүн даярдыгы менен таанышкан. Борбордук имаратта 1238 орундуу "Курултай" конференц-залы, 1000 адамга ылайыкталган банкет залы жана 235 орундуу пресс-зал, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн залдар каралган.
Белгилей кетсек, “Ырыс Ордо” конгресс-холлунун расмий ачылышы 24-августта өтөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















