Өлкөгө орусиялык журналисттер келишти
Кыргызстанга таанышуу сапары менен Орусиянын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган делегация келди. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалымдалгандай, пресс-турдун программасы эки өлкөнүн медиа коомчулук өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана боордош кыргыз жана орус элдеринин мындан ары жакындашуусунда маанилүү роль ойногон коомдук дипломатияны өнүктүрүүгө багытталган.
Кыргызстанда болуу учурунда орусиялык журналисттер өлкөдөгү алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү, мамлекеттик маалымат саясаты жаатындагы заманбап ыкмалар менен таанышат. Ошондой эле өлкөнүн жаратылышы жана туристтик жайларын камтыган маданий-таанышуу программасына катышышат.
Буга чейин ушундай эле таанышуу сапарлары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Азербайжандын көрүнүктүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн ийгиликтүү уюштурулган. Уюштуруу иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен аткарылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















