Бишкекте чырга айланган жердин маселеси чечилүүдө
Бишкектеги №151 контурдун жер ээлеринин маселеси жаңы турак жай долбоорунун алкагында чечилүүдө. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, кечээ 22-августта жер ээлери менен жолугушуу өткөн. Анда жер ээлери үчүн курулуш компаниясы тарабынан турак жайларды куруу чечими кабыл алынганы айтылган. Жолугушууда жер ээлерине курулуштун алдын ала планы, үйлөрдүн негизги архитектуралык-пландоо чечимдери көрсөтүлүп, ошондой эле долбоорду документтик коштоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилген.
"1996-жылы 32 жаранга жалпы аянты 66,8 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкелери берилген. Кийин мыйзамсыз кабыл алынган актынын негизинде 1141 жер тилкеси түзүлгөн. Жалпысынан 655 кызыл китеп берилген. Алардын ичинен 340 мамлекеттик акт сатып алуу-сатуу келишимдеринин негизинде башка адамдарга өткөрүлүп берилсе, 315 мамлекеттик акт баштапкы жер ээлеринде калган", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:36
2026-08-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















