super.kg logo

Нариман Түлеев Сулайман-Тоо боюнча айтылып жаткан окуяларга үн катты

 

Ишкер Нариман Түлеев социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда анын аты Сулайман-Тоо айланасындагы инфраструктуралык долбоорлор жана тоонун ЮНЕСКОдогу статусу менен байланыштырылып жаткан маалыматтарга түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, Ош шаарынын мэри менен болгон жолугушуусу расмий эмес мүнөздө өтүп, анда шаарды өнүктүрүү, туристтерди тартуу, аймакты көрктөндүрүү, тарыхый мурастарды сактоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү тууралуу жалпы пикирлер айтылган.

Түлеев белгилегендей, Сулайман-Тоого асма жол куруу идеясы маекте тарыхый маалымат катары гана сөз болгон. Ал өзү тарабынан бул боюнча эч кандай юридикалык же техникалык долбоор сунушталбаганын, ошондой эле ЮНЕСКОго кайрылуу же документ жөнөтүлбөгөнүн билдирди.

Ошондой эле ишкер Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу тууралуу айткан пикирине тиешеси жок экенин белгиледи. Анын айтымында, бул мэрдин жеке позициясы.

Мындан тышкары, Түлеев жыл аягына чейин Ош шаарында курулушу соңуна чыгып калган "Сулайман парк" соода борбору толук кандуу ишке кирерин билдирди. Анын айтымында, бул объект масштабы боюнча Фергана өрөөнүндөгү ири заманбап комплекстердин бири болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: