Сальмонелла жуккан жумуртка: Британияда дагы бир адам көз жумду
Улуу Британияда сальмонеллез оорусунун жайылышына байланыштуу дагы бир адам кечээ, 27-августта каза болду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы британ саламаттык сактоо органдарынын өкүлдөрүнө таянуу менен жазды.
Басылманын маалыматына караганда, өлкөдө сальмонелла инфекциясынын жайылышы импорттолгон жумурткалар менен байланыштуу.
Буга чейин The Telegraph басылмасы Британиядагы сальмонеллез оорусунун күчөшүнө Украинадан импорттолгон, сальмонелла менен булганган жумурткалар себеп болгонун жазган.
“Уланып жаткан сальмонелла инфекциясынын жайылышынын жүрүшүндө дагы бир британдык каза болду”, -деп жазды Daily Mail.
Саламаттык сактоо органдарынын маалыматына ылайык, учурда оорунун жайылышына байланыштуу иликтөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-08-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















