super.kg logo

Уитэкер: “НАТО өлкөлөрү 77 жылдан бери АКШнын аскердик күчүн колдонуп келген”

 

АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэтью Уитэкер альянстагы өнөктөш өлкөлөр дээрлик 80 жылдан бери АКШнын аскердик артыкчылыгын пайдаланып келгенин билдирди.

“77 жыл бою биздин НАТОдогу союздаштарыбыз АКШнын аскердик артыкчылыгын пайдаланып келишти”, - деди Уитэкер Newsmax телеканалына берген маегинде.

Анын айтымында, мындан ары АКШ менен НАТОдогу өнөктөштөрү “бирдей деңгээлде күчтүү” болушу керек. Уитэкер союздаштардын аскердик чыгымдарын көбөйтүүсү америкалык салык төлөөчүлөр үчүн да пайдалуу экенин жана Атлантика океанынын эки тарабында жаңы жумуш орундарын түзөрүн белгиледи.

Уитэкер өткөн жылы Гаагада өткөн саммитте НАТО өлкөлөрү коргонуу жана ага байланыштуу муктаждыктарга ички дүң продукциясынын (ИДП) 5%ына чейин каражат бөлүү боюнча макулдашканын эске салды.

Анын маалыматына караганда, бул милдеттенмелердин аткарылышы боюнча бир ай мурун Анкарада өткөн саммитте берилген биринчи отчёт жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн.

Ошондой эле европалык союздаштар менен Канаданын коргонуу чыгымдары 139 миллиард долларга көбөйгөнүн, ал эми АКШда америкалык курал-жарак жана ок-дарыларды сатып алууга дагы 60 миллиард доллар жумшалганын айтты.

Буга чейин АКШ НАТОдогу айрым өнөктөштөрүн коргонуу бюджетин жетиштүү деңгээлде көбөйтпөгөнү үчүн бир нече жолу сынга алган. Атап айтканда, июль айында АКШ президенти Дональд Трамп Испанияны сынга алган. Испания НАТОдогу коргонуу чыгымдарын ИДПнын 5%ына чейин көбөйтүү милдеттенмесин кабыл алуудан баш тарткан альянстагы жалгыз өлкө болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: