super.kg logo
  Саясат  

Эгемендүүлүк күнү: Дональд Трамптан кыргызстандыктарга куттуктоо келди

 

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп өлкө башчысы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Өткөн отуз беш жылдын ичинде Кыргызстан эгемендүү жана көз карандысыз мамлекет катары өзүнүн өнүгүү жолун аныктап алды жана Америка Кошмо Штаттары Сиздерге өнөктөш жана достош болуп келатканына сыймыктанат. Биздин өлкөлөр өз ара урматтоого, экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана аймактык коопсуздук менен туруктуулукка болгон жалпы умтулууга негизделген бекем мамилелерди курушту.

“С5+1” сыяктуу форматтардын, ошондой эле соода, инвестиция жана коопсуздук тармактарындагы өсүп жаткан кызматташтыгыбыздын аркасында, мамлекеттерибиз элдерибиздин гүлдөп-өсүшүн камсыз кылуунун жаңы жолдорун таба беришет.

Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын суверенитетин жана эгемендүүлүгүн мурдагыйдай эле бекем колдоп келет. Ушул маанилүү күндө мамлекеттерибиздин ортосундагы өнөктөштүктүн андан ары бекемделишине жана америкалык жана кыргыз элдеринин ортосундагы достуктун уланышына үмүтүмдү билдирем.

Ушул майрамга карата эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алыңыз”,- деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: