super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин 30дан ашуун документке кол койду (видео)

 

Бүгүн, 31-августта мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Кытай лидери Си Цзиньпин эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган 32 документке кол койду.

Документтер транспорт-логистика, инвестиция, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев: "Кол коюлган документтердин ичинен эң маанилүүсү Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жана жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларациясы кабыл алынды", - деди.

Ошондой эле, "Бедел" өткөрмө пунктунда көпүрө куруу, Кытай–Борбордук Азия–Европа темир жол байланышын күчөтүү келишимдерине кол коюлду.






Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин 30дан ашуун келишимге кол койду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: