Көчмөндөр оюндарынын ачылышында президенттерге кандай сый тамак берилди? (видео)
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде өлкө башчылары үчүн атайын сый тамак даярдалган. Мындай видеону казакстандык журналист Адиль Балтабаев соцтармактагы баракчасына бөлүштү.
Менюда жапайы лосось, ышталган форель, жашылча салаттары, өрдөк боорунан жасалган террин, ышталган эт азыктары жана жаңгак кошулган жашылчалар болгон.
Негизги тамак катары курут соусу менен топоз этинен жасалган равиоли, өрдөк этинен консоме, белуга балыгынын икрасы кошулган сибас жана кара трюфель менен уй кабыргасы сунушталган. Десертке чычырканак муссу кошулган ванилдүү крем-брюле берилген.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи 31-августта Бишкектеги "Бишкек Арена" стадионунда өттү. Салтанаттуу иш-чарага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана өнөктөш мамлекеттердин башчылары катышты.
Көчмөндөр оюндарынын ачылышында президенттерге кандай сый тамак берилди?
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















