Иран президенти АКШ менен Израилди БУУнун келишимин бузууга айыптады
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШ менен Израилди өз өлкөсүнө карата чабуул жасоого айыптады.
Ал бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан ШКУ плюс жыйынында сүйлөп жатып, эки өлкө билим берүү, медицина, спорт жана транспорттук объекттерге чабуул жасаганын айтты. Пезешкиан аларды өзөктүк жайларга дагы кол салууга күнөөлөп, БУУнун тынчтык келишимин бузууда деп айыптады.
"Эл аралык эрежелер кантип иштейт? Эгер ушундай кырдаалдарга реакция жасабалбаса, кайсы өлкө өзүнүн эгемендүүлүгүнүн бузулбашына ишенет?",- деген суроо койду ал.
Иран президенти АКШ менен Израилди БУУнун келишимин бузууга айыптады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















