super.kg logo
  Саясат  

Спикер чет өлкөлүктөргө жер берүү мыйзамы кабыл алына электигин айтты

 

Бүгүн, 2-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев Кытай жарандарына жерлерди сатуу боюнча мыйзам кабыл алынбаганын айтты.

Ал коомчулукта туура эмес маалымат тарап жатканын, Жогорку Кеңеш жер тууралуу мыйзамды карай электигин белгиледи.

"Чет өлкөлүктөргө жер берүү боюнча 1992-жылы жана 2000-жылы кабыл алынган мыйзамдардын алкагында ишмердүүлүк жүргүзүлүп келген. Буга чейин эле 49 жылга берүүлөр болгон экен. Биз жаңы мыйзамды карап көрсөк, анда, тескерисинче, жерди сатпоо каралган экен.

Ошондой эле жерди трансформация кылууну жокко чыгарат экен. Тескерисинче, жөн эле 49 жылга берип жибербей, алгач 10 анан 25 жылга берүү каралыптыр. Ал мыйзам парламентке түшсө, депутаттар сөзсүз түрдө электен өткөрүп, элдин кызыкчылыгын эске алып, анан өткөрөбүз",- деди спикер.






Спикер чет өлкөлүктөргө жер берүү мыйзамы кабыл алына электигин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: