super.kg logo
  Саясат  

Пакистандын өкмөт башчысына "Ала-Арча" паркында маданий программа көрсөтүлдү

 

Бүгүн, 2-сентябрда президент Садыр Жапаров жана Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф улуттук каада-салттарга жана маданиятка арналган этномаданий программа менен таанышты.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, делегация башчылары орто кылымдардагы көчмөндөр маданиятынын стилинде жасалгаланган "Кыргыз айылы" көргөзмө комплекси уюштурулган "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркына барышты.

Конокторду добулбастардын коштоосунда төкмө акындар, зоот кийимчен баатырлар жана улуттук кийим кийген кыздар тосуп алышты.

Пакистан делегациясына кыргыздын салттуу тамактары, ошондой эле кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү, анын ичинде килем, шырдактар, боз үйдүн бөлүктөрүн, кылыч жана айбалталарды жасоо өнөрү көрсөтүлдү.

"Кайбар" элдик-фольклордук ансамбли Кыргызстандын жана Пакистандын элдеринин музыкалык чыгармаларын, ошондой эле дүйнөлүк классиканын чыгармаларын аткарып беришти.

Чет өлкөлүк меймандарга ошондой эле алгыр куштар жана тайгандар менен аңчылык кылуу өнөрү көрсөтүлүп, улуттук бийлер тартууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: