super.kg logo

"Евразия" паркы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышынын бир бөлүгү болду

 

31-августта Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземи өттү. Эл аралык ири иш-чаранын расмий өнөктөшү болгон «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму оюндардын уюштурулушуна да салым кошту.

"Евразия" паркы ачылыш аземине катышкан 3 миңге жакын спортчу жана спорттук делегациялардын өкүлдөрүнө атайын жай бөлүп берди. Катышуучулар үчүн иш-чара башталганга чейин күтүү үчүн атайын жайлар да даярдалды.

Быйылкы оюндарга дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн өкүлдөр келди.

Белгилей кетсек, "Евразия" үй-бүлөлүк эс алуу паркы 2025-жылы ачылган. Долбоор жеке каражаттын эсебинен ишке ашырылып, ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата Орусия менен Кыргызстандын достугунун символу катары Кыргызстанга белекке берилген. Парк ачылгандан бери ал жакта 1,5 миллиондон ашык адам эс алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: