Туризм агенттигинин башчысы: “Ар бир айыл, ар бир үй-бүлө туристтерди тосууга даярданышы керек”
Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйөрүн эске алып, ар бир аймактагы жана айылдардагы үй-бүлөлөр чет элдик конокторду кабыл алууга даярданышы керек. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жана ШКУ+ форматындагы жыйындар, ошондой эле Кытай менен Пакистандын жогорку жетекчилеринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик жана расмий сапарлары өлкөгө болгон эл аралык кызыгууну арттырды.
“Эл аралык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар Кыргызстанды дүйнө жүзүндөгү 7 миллиарддан ашуун адамга көрсөттү десек болот. Эми өлкөбүзгө болгон кызыгуу дагы күчөп, Кыргызстанга келген туристтердин саны кескин көбөйөт”, - деди Кубатов.
Ал туристтердин саны мындан ары да өсүшү мүмкүн экенин белгилеп, жергиликтүү калкты алдын ала даярдык көрүүгө чакырды.
“20-30 миллион эс алуучу чет жактан келе турган болсо, алардын баарын мейманканаларга жана пансионаттарга жайгаштыруу мүмкүн болбойт. Айрымдары арзаныраак болгон бюджеттик варианттарды издешет”, - деди ал.
Кубатовдун пикиринде, айыл жергесиндеги тургундар боз үйлөрүн даярдап, үйлөрүн жана короо жайларын иретке келтирип, туристтерге ыңгайлуу шарт түзүүгө кам көрүшү керек.
“Мына, ошол көрөгөчтүк менен ажобуз айткан күн эми келди. Туризм тармагы аркылуу элибиз киреше табат, айылдан шаарларга көчпөй эле иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деди Туризм агенттигинин директору.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















