"Биз бүгүн кызматтабыз, бир күнү башка адамдар келишет". Каныбек Туманбаев билдирүү жасады
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинен кийин кыргызстандыктарга кайрылып, иш-чараны өткөрүүгө салым кошкон бардык адамдарга ыраазычылык билдирди.
Ал акыркы бир жылдагы даярдык, уйкусуз түндөр жана чоң жоопкерчилик ачылыш аземинде көз алдынан өткөнүн белгиледи. Туманбаев президент Садыр Жапаровго ишеними, колдоосу жана чечкиндүүлүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчынын Кыргызстанды, анын тарыхын, маданиятын жана улуттук мурастарын дүйнөгө таанытуу багытындагы аракети маанилүү.
Ал иш-чаранын жүрүшүндө кемчиликтер кеткен болсо, элден кечирим сурап, Кыргызстанды дүйнөгө татыктуу көрсөтүү үчүн уюштурууга катышкан миңдеген адамдар колдон келген аракетин жасаганын айтты.
"Биз бүгүн кызматтабыз, бир күнү башка адамдар келишет. Убакыт өтөт, кызматтар өзгөрөт… Бирок Кыргызстан калат. Элибиз калат. Тарыхыбыз, маданиятыбыз, мурасыбыз калат. Биздин бир гана мекенибиз бар - ал биздин Кыргызстан!",- деп билдирди Туманбаев.
Эскерте кетсек, 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи "Бишкек Аренада" орун алып, ага миңдеген чыгармачыл топ өзгөчө шоу даярдады.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















