super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт

 

V Элдик курултай 18-декабрда Бишкек шаарында өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кечээ, 3-сентябрда кол койду.

Жарлыкка ылайык, курултайга 700 делегат шайланат. Делегаттардын квотасы, уюштуруу комитетинин курамы жана анын иш тартибин жөнгө салган убактылуу жобо бекитилди.

Делегаттарды шайлоо тартиби IV Элдик курултайдын Улуттук кеңеши иштеп чыгып, бекиткен жобонун негизинде аныкталат. Шайлоо жараянын уюштуруу комитети координациялайт.

Делегаттарды шайлоого Элдик курултайдын катчылыгы, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бир катар министрликтер катышат. Ички иштер министрлигине жер-жерлерде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу милдети жүктөлдү.

Эскерте кетсек, IV Элдик курултай 2025-жылдын 25-декабрында өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: