Санариптик сом 2026-жылдын аягына чейин сыноодон өтөт
5-сентябрда президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында виртуалдык активдер, блокчейн, санариптик экономика жана санариптик сомду өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы санариптик сомдун базалык платформасын иштеп чыгып, 2026-жылдын 31-декабрына чейин пилоттук тестирлөөнү өткөрүүнү тапшырды. Ал эми 2027-жылдан тартып санариптик сомду реалдуу шарттарда сынап, кийин этап-этабы менен өлкө боюнча жайылтуу пландалууда.
Мындан тышкары, виртуалдык активдерди лицензиялоо жана көзөмөлдөө үчүн бирдиктүү санариптик платформа түзүлөт. Аны 2027-жылдын 1-январынан тартып пилоттук тестирлөөгө киргизүү пландалууда.
Ошондой эле Кыргызстанда улуттук валютага байланыштырылган KGST стейблкоинин өнүктүрүү, салыктык жөнгө салуу жана бул тармактагы коопсуздук маселелери талкууланды.
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттикке төмөнкү тапшырмалар берилди:
- Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү, анын ичинде долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону камсыз кылуу. Бардык министрликтер жана ведомстволор Агенттик менен макулдашылган ишти милдеттүү түрдө жүргүзүшү зарыл;
- Үч айлык мөөнөттө келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылардын топтомун кабыл алууну камсыз кылуу;
- Үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзамына жана тиешелүү маселелерди жөнгө салуучу башка мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин иштеп чыгуу.
Жапаров ошондой эле виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө кадрдык потенциалды күчөтүү ишин улантуунун зарылдыгын баса белгиледи. Ушуга байланыштуу Илим жана жогорку билим берүү министрлигине аталган чөйрөнү өнүктүрүү үчүн талап кылынган актуалдуу жана келечектүү багыттар боюнча адистерди сапаттуу даярдоону камсыз кылуу тапшырылды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















