super.kg logo

ДКО учурунда майыптыгы бар 115 жаранга транспорттук жардам көрсөтүлдү

 

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө майыптыгы бар 115 жаран атайын транспорт кызматынан пайдаланды. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары менен бирге чет өлкөдөн келген коноктор да бар.

Маалыматка ылайык, иш-чаралардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана жарандарды коштоп жүрүү үчүн социалдык коргоо системасынын 100гө жакын кызматкери тартылган. Адистер оюндар өтүп жаткан аймактарда багыт алууга көмөктөшүп, зарыл болгон консультацияларды беришкен.

Мындан тышкары, майыптык арабасын колдонгон жарандарды ташуу үчүн МСЭКтин 10 автоунаасы бөлүнгөн. Транспорт аркылуу жарандар «Газпром» спорттук комплексинде иш-чаралар өтүп жаткан жерлерге жеткирилип турган.

Ошондой эле Көчмөндөр оюндары учурунда атайын ишеним телефону иштеп, ага 1,3 миңге жакын кайрылуу түшкөн. Адистер жеткиликтүү инфраструктура, иш-чаралардын аймактары жана башка маселелер боюнча маалымат беришкен.

Ошентип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттук мелдештер менен катар майыптыгы бар жарандар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүүгө да өзгөчө көңүл бурулган иш-чара болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: