Ысык-Көлдө 100 орундуу жаңы бала бакча ачылат
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Бирлик айылында 100 орунга ылайыкталган жаңы бала бакча курулуп бүттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, курулушка 80,9 миллион сом жумшалган.
Бала бакчада балдардын уктоосу жана өнүктүрүүчү сабактарды өткөрүүсү үчүн бөлмөлөр, ашкана, медициналык кабинет жана кабылдама каралган.
Объект заманбап талаптарга ылайык курулуп, курулуш иштеринин сапаты тиешелүү тартипте текшерилген. Жакын арада бала бакча пайдаланууга берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:21
2026-09-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















