Бишкекте жол жана үйлөрдүн фасаддарына бөлүнгөн каражаттар текшерилет
Кечээ, 7-сентябрда Бишкек мэриясында ШКУ саммити, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата даярдалган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, мэр Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын аткарган иштерине ыраазычылык билдирип, жолдорду жана тротуарларды оңдоо, имараттардын фасаддарын жаңылоо, жашылдандыруу жана шаарды көрктөндүрүү иштери мындан ары да уланышы керектигин белгиледи.
Ошондой эле мэрия бюджеттик каражаттардын туура жана максаттуу пайдаланылышын текшерүүнү тапшырды. Ар бир объект боюнча чыгымдар талданып, аткарылган иштердин көлөмү менен бөлүнгөн каражаттын шайкештиги текшерилет. Иштердин баасын негизсиз жогорулатууга жол бергендер жазаланары эскертилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















