super.kg logo

Ноокатта көп жылдан бери чечилбей келген 48 батирлүү үйдүн маселеси чечилди

 

Ноокат шаарындагы Аэропорт көчөсү, 48 дарегинде жайгашкан төрт кабаттуу, 48 батирлүү турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турак үйдүн курулушу 1986-жылы башталып, 1989-жылы токтоп калган. 2023-жылы Ноокат шаарынын мэриясы тарабынан курулуш иштери кайра жандандырылган. Бирок объектти пайдаланууга берүү маселеси узак убакытка чейин чечилбей келген.

Мындан улам батир ээлери үйлөрүн өз атына каттатып, укук белгилөөчү документтерди ала албай, коммуналдык кызматтар үчүн жогорулатылган тариф менен төлөп келишкен.

Учурда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан жашоочуларга объектти пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысы тапшырылды.

Эми үйдүн жашоочулары батирлерин мыйзамдуу каттоодон өткөрүп, тиешелүү документтерин алууга жана коммуналдык кызматтар үчүн белгиленген тарифтер боюнча төлөөгө мүмкүнчүлүк алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: