ӨКМде жаңыланган коомдук кабылдама иштей баштады (видео)
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн жаңыланган коомдук кабылдама ишин баштады. Бул тууралуу кечээ, 9-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кабылдамада жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, заманбап талаптарга ылайык жабдылган. Бул жерде QR-коддор орнотулуп, алар аркылуу жарандар министрге коррупциянын алдын алуу боюнча билдирүүлөрүн, сунуштарын жана сын-пикирлерин түз жөнөтө алышат.
Коомдук кабылдаманы жаңылоонун негизги максаты - жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо жана мамлекеттик органдар менен элдин ортосундагы байланышты жакшыртуу.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жаңыланган коомдук кабылдама иштей баштады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:51
2026-09-14
16:36
2026-09-14
14:49
2026-09-14
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















