super.kg logo

Ошто сапатсыз курулган жол тилкелери буздурулуп, кайра жасалууда

 

Ош шаарындагы Атабаев жана Төлөнов көчөлөрүндө салынып жаткан жолдун сапатына байланыштуу жарандардан түшкөн кайрылуунун негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу 14-сентябрда Курулуш министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жолдун айрым тилкелеринен жана суу агызуучу лотоктордон курулуш ченемдеринин талаптарына жооп бербеген кемчиликтер аныкталган. Айрым жерлерде жылышуулар пайда болуп, анын кесепетинен асфальт төшөлмөсү бузулуп, көчүп кеткен.

Буга байланыштуу жол куруу иштерин жүргүзүп жаткан "Амантур Строй" ЖЧКсына кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу тапшырмасы берилген.

Учурда сапат талаптарына жооп бербеген жол тилкелери буздурулуп, негиздери кайрадан даярдалууда. Андан кийин бетон төшөлүп, технологиялык талаптарга ылайык эки катмар асфальт-бетон төшөө иштери жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: