super.kg logo

ИИМ жетекчисинин биринчи орун басары БУУнун баш катчысынын орун басары менен жолукту

 

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов бүгүн, 14-сентябрда БУУнун тынчтыкты сактоо операциялары боюнча башкы катчысынын орун басары Жан-Пьер Лакруа менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелерин, ошондой эле тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары иш алып баруусуна байланыштуу кызматташтыктын негизги багыттарына бурулду.

Мындан тышкары, Кыргызстандын БУУнун тынчтык орнотуучу операцияларына катышуусу, тажрыйба алмашуу жана бул багыттагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча пикир алышуу болду.

Тараптар Кыргызстандын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин БУУнун тынчтыкты сактоо миссияларына катышуу географиясын кеңейтүүнү жана миссияларга тартылган кызматкерлердин санын көбөйтүүнү сунушташты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуулукту, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган кызматташтыкты мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: