Мрамор айылындагы мектепке 10 компьютер белекке берилди
Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мрамор айылындагы жаңы ачылган мектепке 10 даана компьютер тапшырды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл өкүлү мектептин мугалимдер жамааты, ата-энелер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары менен жолугушуп, билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окуучуларга заманбап шарттарды түзүү жана санариптик технологияларды окуу процессине киргизүү маселелерин талкуулады.
Токтобүбү Ашымбаева жаңы компьютерлер окуучулардын билим алуусуна жана заманбап технологияларды өздөштүрүүсүнө жакшы шарт түзөрүн белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:21
2026-09-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















