Өлкөдө мамлекеттик мектептердин китептерин сатууга тыюу салынууда
Кечээ, 14-сентябрда Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйү мамлекеттик мектептерге арналган окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди мыйзамсыз сатууга жол берилбей турганын эскертти.
Маалым болгондой, мекеме чыгарган окуу китептери мектептерден тышкары эркин сатылбайт. Бирок базарларда, дүкөндөрдө жана интернетте мамлекеттик мектептерге арналган китептердин сатылып жатканы аныкталды. Бул фактылар боюнча Башкы прокуратурага, УКМКга жана ИИМге расмий кайрылуу жөнөтүлдү.
"Мамлекеттик мектептерге арналган окуу китептерин сатууга, коммерциялык максатта таратууга, жарнамалоого жана сатууга ортомчулук кылууга тыюу салынат. Мыйзам бузуу аныкталса, күнөөлүү адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлөт",- деп белгиленген маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















