"Чийилип көнүп калгам". Аалы Туткучев талкуу боюнча үн катты
Бүгүн, 15-сентябрда белгилүү төкмө акын Аалы Туткучев Таласта өткөн Эгемендүүлүк күнүнө арналган мааракеге катышпай калганына нааразычылыгы жоктугун билдирди.
“Урматтуу эл-журт! Таластагы чакан тойдо 200 кишиге ырдаган ырым мынча талкуу жаратаарын билбептирмин. “Тил кесмек жок, баш кесмек бар”, башымды кессе сурап алар элим бар экенин билдим. Элиме ыраазымын! Эрмат мырзанын Талас элине жасаган эмгеги үчүн сыйлайм. Протоколдун тепкиси ак жеринен күнөөнү моюнуна алдырып жатса керек. Анткени, бул чыгармачылык жолумдагы биринчи учур эмес. Биз тепкиге албайлы. Эч кимге капа эмесмин, чийилип көнүп калгам… Жаратканым элдин жүрөгүнөн чийбесе экен”, - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Буга чейин интернет желесинде Туткучевдин тойдо ырдаган видеосу тарап, анда акын мааракеге бир күн калганда тизмеден чийилип калганын айтканы талкуу жараткан. Буга облус башчысы Эрмат Жумаев түшүндүрмө берип, формат башка болуп калганын айткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















