Караколдогу Жеңиш паркында реконструкция иштери кызуу жүрүүдө
Каракол шаарындагы Жеңиш паркында реконструкция иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда паркка таман таштар төшөлүп, жашылдандыруу үчүн сугаруу системасы орнотулду.
Реконструкциянын алкагында парктагы баатырларга жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган айкелдер менен композициялар сакталат.
Ошондой эле паркта балдар жана спорт аянтчалары, үй-бүлөлүк эс алуу зоналары, шахмат ойноочу жай жана Wi-Fi зоналары уюштурулат.
“Бүгүнкү күндө Жеңиш паркын толугу менен жаңылап жатабыз. Эски таман таштар жана тосмолор алмаштырылууда. Буга чейин парктын аймагында суу түтүгү жок болчу, учурда суу киргизилди. Жумуштарды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүгө аракет кылып жатабыз”,- деди подрядчы Стройпартнёр компаниясынын жетекчиси Максат Жаналиев.
Реконструкция иштерин 5-октябрга чейин бүтүрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, парктын жалпы аянты 8 гектарды түзүп, шаардагы ири парктардын бири болуп эсептелет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















