Очоктор курулуп... Көп кабаттуу үйлөрдүн короолору жаңыланууда
Каракол шаарында 25 көп кабаттуу үйдүн короосун жаңылоо иштери жүрүп жатат.
Долбоордун алкагында балдар үчүн оюн аянтчалары, чоңдор үчүн эс алуу жайлары түзүлүп, унааларды иреттүү токтотуу үчүн атайын орундар белгиленүүдө.
Жаңыланган короолордун өзгөчөлүгү - мында очоктор курулуп, боз үй тигүүгө ылайыкташкан атайын аянтчалар да каралган.
"Элибизде жакшылык-жамандык болот. Мындай учурларда ушундай аянтчалар керек",- деди Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов.
Мындан тышкары, короолорго бак-дарактар отургузулуп, жарыктандыруу системасы күн панелдери аркылуу жаңыланууда.
"Буга чейин короону баткак басып, жашоочулар үчүн ыңгайсыз болгон. Азыр балдарга да, чоңдорго да эс алуу аянтчалары курулуп жатат",- деди көп кабаттуу үйдүн жашоочусу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















